Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:07

КР Башмыйзамы күнүнө карата президент элге куттуктоо жолдоду


КР Башмыйзамдын кабыл алынганына 16 жыл толгондугуна байланыштуу кыргызстандыктарга жолдогон куттуктоосунда мамлекет башчы 1993-жылы эле өз Конституциясы аркылуу Кыргызстан эли эркиндиктин жана демократиянын шартында жашоого умтулуусун көрсөткөндүгүн белгилеп, элдин ошол эрки бүгүн да мамлекеттин өнүгүү багытын аныктап жатат, деп билдирген. Куттуктоодо айтылгандай Конституция кызматына, даражасына жана кандай адам экенине карабастан, мыйзам баарына бирдей деген айныксыз чындыкка айланышы үчүн керек. Мамлекет башчы ошондой эле өзүнүн “Жаңылануу Багыты” программасында бийлик менен саясий күчтөрдүн, жарандык коомдун биргелешип мамлекет башкаруусуна, Ата Журттун бейкуттугуна жана алга илгерилешине жетишүү жолдору таасын көрсөтүлгөндүгүн айтып, бул багыт аркылуу мамлекеттин келечегин чогуу түптөйбүз, деген ишенимин ачыктаган.
КР Башмыйзамы 1993-жылы 5-майда кабыл алынып, андан бери бир нече жолу өзгөртүүлөргө туш болду. 2007-жылы 21-октябрда өткөн жалпы элдик Референдум аркылуу жаңы Конституция кабыл алынган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG