Ооганстандагы орто мектептердин биринде 90го жакын окуучу массалык ууланып, ооруканага жеткирилди. Ички иштер министрлигинин өкүлү Земарай Башарынын айтымында, Каписа вилайетиндеги мектептердин биринде 94 окуучу жана мугалимдер белгисиз газга ууланып, ооруканага жардам сурап кайрылышкан. Кабарчылардын ырасташынча, бул окуялар катталган аймактар буга чейин талиптер тарабынан катуу көзөмөлдөнгөн эмес.