Кечээ түнү нөшөрлөгөн жамгырдан улам Могол каналындагы суу ашып-ташып, сел жүргөн. Натыйжада Кара-Кочкор айылындагы 350 чакты үйдү суу каптаган. Мунун ичинен жараксыз деп табылган үч үйдүн тургундары башка жакка көчүрүлдү. Бактыга жараша кишилей чыгым жок. Учурда кырсыктын кесепетин четтетүү жана кооптуу аймакты дагы байкаштыруу, ошондой эле келтирилген зыяндын көлөмүн аныктоо жумуштары күчөдү. Бул туурасында «Азаттыкка» Кара-Кулжа районунун акими Айтмамат Осмонов маалымдады. Жергиликтүү талдоочулардын пикиринче, Кара-Кочкордо жыл сайын сел жүрөт. Өкмөт алдын ала чараларды көрбөсө, бул көрүнүш дагы кайталанып, акыры олуттуу жоготууларга дуушарлантышы ыктымал. (ATo)