Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:14

Түркияда секулярдык түзүлүштү колдогондор демонстрацияга чыкты


Кечээ башкаала Анкаранын көчөлөрү аркылуу жүрүш жасаган, кеминде адам, алардын айтымында, өлкөнүн секулярдык принциптерин бузганы үчүн премьер-минстр Режеп Тайып Эрдоганды кызматтан чегинүүгө чакырышты. Азыркы Түркиянын негиздөөчүсү Мустафа Кемал Ататүрктүн мавзолейинин алдына чогулган демонстранттар: “Түркия секуялярдуу өлкө жана секулярдуу бойдон калат”,- деп ураан чакырышты. Алар премьер- министр Режеп Тайып Эрдогандын исламчылар менен тамырлаш Адилеттүлүк жана өнүгүү партиясы бийликте турушу Түркиянын секулярдык системасына коркунуч туулууда деп эсептешет. Демонстранттар ошондой эле өкмөт экоомикалык кризиске каршы да жетиштүү чара көрө албай жатканына нааразылык билдиришти.

XS
SM
MD
LG