Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 02:12

Өлкөгө зыяндуу азык-түлүк алып кирүүгө тыюу салган мыйзам иштелип чыгат


18-майда Жогорку Кеңеште тегерек стол жыйын болуп, анда “Кыргыз Республикасынын аймагына канцерогендик, токсикалык, химиялык зыяндуу заттары бар жашылча-жемиш, жаңгак жана азык-түлүктөрдү алып кирүүгө тыюу салуу жөнүндө” мыйзам долбоору талкууланды. Зыяндуу кошулмалары бар жашылча-жемиш, азык-түлүктөр Кыргызстанга келип жаткан фактылары бар экени белгиленип, мыйзам долбоорун июнь айына карай парламенттин кароосуна алып чыгуу сунушталды. Маселени андан ары иликтөө үчүн жумушчу топ түзүлдү. Бул тууралуу парламенттин маалымат кызматынан кабарлашты. (AiT)

XS
SM
MD
LG