Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:40

Бүгүн Бишкек шаардык сотунда С.Аргынбаевге байланыштуу иш каралат


Ал эми “Жашылдар” партиясынын лидери Эркин Бөлөкбаевге байланыштуу иш эртең каралат. Кечээ “Жашылдар” партиясы Коопсуздук комитетинин абагында отурган Эркин Бөлөкбаевдин өмүрүнө тынчсыздануусун билдирген. Маалыматтарга караганда, Эркин Бөлөкбаевдин жанында 8-майдан бери наркоман Шуролу Шарипов, 15-майдан бери киши өлтүрдү деп айыпталган Ильясты отургузушкан. Алар Кылмыш-жаза кодекси, Кылмыш кодекси, Шайлоо кодекси өңдүү Бөлөкбаевге таандык китептерди, документтерди, гезиттерди тартып алышкан. “Жашылдар” партиясы мындай мамиле саясатчынын конституциялык укуктарын бузуп жатат деп эсептеп, оппозициялык лидердин өмүрүнө жана саламаттыгына тынчсыздануусун билдирди. Эркин Бөлөкбаев менен Сапар Аргынбаев Петровка жаңжалы боюнча 2 айлык мөөнөткө Коопсуздук Комитетинин убактылуу кармоочу жайына камалган. (AJ)

XS
SM
MD
LG