Президент “Кыргыз Республикасындагы майыптар коомунан товарларды мамлекеттик сатып алуулар жөнүндөгү” мыйзамга кол койду. Мыйзамда майыптар коому өндүргөн товарларды бюджеттик уюмдар тарабынан сатып алуу, заказ берүү өңдүү иштердин жол-жобосу жана экономикалык принциптери аныкталган. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)