Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:34

ИИМ академиясы 40 жылдыгын белгиледи


Бүгүн Бишкекте өлкөнүн Ички иштер министрлигинин генерал Эргеш Алиев атындагы Академиясынын 40 жылдыгына арналган салтанат өткөрүлдү. Салтанаттын алкагында “Учурдагы чакырыктардын жана коркунучтардын шартында тартип коргоо мекемелерин реформалоодогу гумандаштыруунун ролу” аттуу илимий-практикалык тегерек үстөл талкуусу болду. Ага академиянын окумуштууларынан тышкары, Улуттук Илимдер Академиясынан, Манас университетинен, Кыргыз-Орус (Славян) университетинен, “Азаттык” үналгысынан, Европадагы Коопсуздук жана кызматташтык уюмунун Бишкектеги кеңсесинен, КМШ өлкөлөрүнүн борбордук азиялык терроризмге каршы борборунан жана башка жактардан илимпоздор, адистер, милициянын ардагерлери жана башка коноктор катышты. Академиянын башчысы, генерал Абдыкапар Мавлянов окуу жай жана жалпы эле кыргыз милициясы терең реформаланып жатканын белгиледи. Илимпоздор кыргыз милициясын атуулдук коом жана эркин басма сөз каражаттары үчүн ар дайым ачык болууга, маалымдуулукка, атуулдук чараларды жүзөгө ашыргандарга эч убакта күч колдонбостон, коомчулук менен ырааттуу баарлашууга чакырышты.

XS
SM
MD
LG