Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:28

ШКУ өлкөлөрүнүн коопсуздук кеңештин катчылары бүгүн Москвада жолугушат


Бул тууралуу Кыргызстандын ШКУдагы улуттук координатору Төлөндү Макеев билдирди. Коопсуздук кеңештин катчылары негизинен аймактагы коопсуздук, Ооганстандагы абал жана баңги заттарына байланыштуу маселелерди талкуулайт. Бул жолугушуу 15-16-июнда өтүүчү Шанхай кызматташтык уюмунун мамлекеттеринин башчыларынын саммитинин алдында уюштурулууда. Маалыматка караганда Екатеринбургда өтүүчү саммитте ШКУ өлкөлөрүнүн башчылары террорчулукка каршы Конвенцияны кабыл алуусу күтүлүүдө. Коопсуздук кеңештин катчысы Адахам Мадумаров Москвада Кытайдын коомдук коопсуздук министри Мэн Цзянь Чжо, Орусиянын коопсуздук кеңешинин катчысы Н.Патрушев жана ӨЗбекстандын улуттук коопсуздук боюнча кеңештин катчысы М.Атаев менен жолугушуп, сүйлөшүүлөрдү жүргүзөрү пландаштырылган. ШКУга Кытай, Казакстан, Кыргызстан, Орусия, Тажикистан, Өзбекстан кирет. (AJ)

XS
SM
MD
LG