Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:02

Ош облусунда кулчулукка сатылгандардын саны кескин көбөйүүдө


Бул туурасында Миграция боюнча эл аралык мекеменин (МОМ) түштүк Кыргызстандагы бейөкмөт уюмдар менен байланыш боюнча координатору Химия Сүйөркулова «Азаттыкка» маалымдады. Анын айтымында, жыл башынан бери аларга Ош облусунун райондорунан кулчулукка сатылган 60 чакты адам кайрылган. Иш жүзүндө аянычтуу тагдырга кабылгандардын саны мындан он эсе көп болушу ыктымал. Адам соодалаган деп шектелген төрт-беш жаранга кылмыш иши козголгону менен, жабырлануучулар барбай койгондуктан аягына жетпей жабылып калды. Ал эми жергиликтүү адистер жабырлануучулардын кызыкчылыгын мамлекет өзү коргоп, коопсуздугун камсыз кылмайынча, рынок шартында киши соодалоо тыйылбайт, деп коңгуроо кагууда. (ATo)

XS
SM
MD
LG