Облустагы мамлекеттик мекеме-уюмдарда Курманбек Бакиев үчүн үгүт жүргүзүү башталганын “Азаттыкка” «Ак шумкар» партиясынын Нарын райондук жана шаардык координатору Жолдубай Сүйүнбаев маалымдады. Ал президенттикке талапкерлерге кол топтоо башталгандан тарта эл арасында жүргөнүн, айрым мамлекеттик мекеме-уюм жетекчилери “шайлоодо добушуңарды Бакиевге саласыңар, өзүңөр эле эмес туугандарыңарды да кошо салдырасыңар”, - деп айтышканын карапайым калк билдирип жатышканын айтат. Нарын облустук акимчилигинин аппарат жетекчиси Бейшенаалы Боогачиев болсо мындай сөздөрдү четке кагып, үгүт жүргүзүү өз мезгили келгенде башталаарын билдирди. (KUs)