Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:31

БЭК А.Жекшенкуловду бошотууну талап кылат


26-майда БЭКтин мүчөлөрү Биринчи Май райондук соттун алдында Аликбек Жекшенкуловду бошотуу талабын билдирген акция өткөрөт. Мындай маалымат БЭКтин штаб башчысы Азимбек Бекназаровдон алынды. Бул күнү БЭКтин мүчөсү Аликбек Жекшенкуловго ачылган кылмыш ишти сот карай баштайт. Жекшенкуловдун адвокаттары түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деп шектелип жаткан анын тапанчаны Москвадагы көз карандысыз соттук-баллистикалык экспертизадан өткөрүүнү талап кылышаарын, себеби Кыргызстандагы экспертизага ишенбей жатышкандыгын билдиришкен. Жекшенкуловго каршы Тышкы иштер министрлигинин имаратын ремонттоодо мамлекетке зыян келтирген жана анын сыйлыкка алган тапанчасынан 2007-жылы Таласта түрк ишкери атып өлтүрүлгөн деген кине менен эки кылмыш иши ачылган. Сот бул ишти бириктирип карайт.(BD)

XS
SM
MD
LG