Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Январь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:43

С. Сидоров: №31 түрмөдө ачкачылык акциясы токтоду


Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын маалымат катчысы Сергей Сидоровдун “Азаттыкка” билдиргенине караганда, бүгүн эртең менен №31 түрмөдө жаза өтөп жаткан 200дөй айыпкер ачкачылык акциясын башташкан. "Буга түрмө эрежелерин одоно бузган үч айыпкерди айып камагына алуу себеп болгон. Бул окуяга байланыштуу колонияга бүгүн Юстиция министрлигинин карамагындагы Жаза өтөө мекемелер башкармалыгынын башчысынын орун басары Таалайбек Муралиев баштаган топ барып, жагдайды тынчытты. Айыпкерлер түшкү тамагын ичишти", - деп билдирди Сергей Сидоров. Ачкачылык жарыялоо бул түрмөдө 2008-жылы да катталган. Ал эми 2005-жылы чыккан жаңжалда бул колонияны текшерип барган Жогорку Кеңештин депутаты Тынычбек Акматбаев менен дагы эки киши өлтүрүлгөн.(BuS)

XS
SM
MD
LG