Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:00

Кыргыз-Өзбек чек арасы күчөтүлгөн тартипте кайтарылууда


Кыргызстандын чек ара кызматынын маалыматына караганда 26-майда түнкү саат 2:00де Өзбекстандын Ханабад шаарында жарылуу болду. Буга байланыштуу Өзбекстандын күч кызматтары мамлекеттик чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга киришти. Өткөрмө пункттарда чек араны кесип өткөн адамдарга жана транспортко эки тараптан тең катуу көзөмөл жүрүп, Сох анклавында жашагандарга гана өтүүгө уруксат берилүүдө. Кыргызстан тарапты көздөй качкындар топтолгону же адамдар агылганы байкалбайт.
Чек ара кызматынын маалыматына караганда ошондой эле Кыргызстан тарап да чек араны күчөтүлгөн тартипте кайтарууга өттү. Учурда Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара мекемелери кыргыз-өзбек чек арасын биргелешип кайтаруунун биргелешкен чараларын пландап атышат деп айтылат Кыргызстандын чек ара кызматы тараткан маалыматта. (BuS)

XS
SM
MD
LG