Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:26

Кызылча аз эгилгендиктен “Альянс-Пром” милдетинен баш тартты


Орусиялык “Альянс-Пром” ачык окционердик коому кыргыз өкмөтү менен макулдашуунун алкагында милдеттемелерди аткарган жок. Бул тууралуу премьер-министр Игорь Чудиновдун жетекчилиги астында өткөн кечээки жыйында айтылды. Бул макулдашууга ылайык кыргыз өкмөтү өлкөгө 80 миң тонна кумшекер алып келүүгө уруксат берген. Квотага ылайык 2008-жылдын 10-апрелинен тарта “Кайыңды-Кант” менен “Кошой” кант заводу бир жылдын ичинде 40 мин тонна кумшекер импорттоп тура алмак. Өкмөт жыйынында “Альянс-Пром” кумшекерди алып келүү графигин көтөрө албаганы жана өлкөнүн кант өндүрүүчүлөрүнө толук колдоо көрсөтүлбөй жатканы айтылды. Макулдашууга ылайык, “Альянс-Пром” Кыргызстандагы кызылча айдаган дыйкан чарбаларды аныктоо, “Кайыңды-Кант” жана “Кошой” кант заводдорун кант кызылчасы менен камсыз кылып тууру боюнча айылдык товар өндүрүүчүлөр менен келишим түзүү, кредиттик негизде 1 миллион доллар каражатка кант кызылчасынын үрөөнү менен камсыз кылуу сыяктуу милдеттемелерди алган. (EBM)

XS
SM
MD
LG