Бул тууралуу Коргоо министри Бактыбек Калыев бүгүн парламент отурумунда депутат Роза Отунбаеванын Ханабад боюнча берген сурооосуна жооп берип жатып билдирди. Анын айтымында, Өзбекстандын Ханабадындагы болгон окуя боюнча маселе 3-июнда ЖККУнун Коргоо министрлер кеңешинде каралбайт. “Бул маселени Өзбекстан жабык режимде чечүүгө аракет кылып жатат. Ошондуктан эч кандай маалымат жок.Балким 3-июнда кандайдыр бир маалыматтык билдирүүлөр болуп калса, ал жактан келгенден кийин толугурак айтып берейин”,-деди коргоо министри. (AJ)