Түркиянын президенти Абдуллах Гүл бүгүн кыргыз-түрк "Манас" университетинин студенттери жана эмгек жамааты менен жолугушуп, өз сөзүндө Кыргызстан түрктөрдүн байыркы ата мекени экенин белгилеп,өз мекенинде жүргөндөй сезгендигин баса белгиледи. Боордош Кыргызстан менен Түркиянын көп тармактуу экономикалык жана маданий кызматташуусунун ичинде билим тармагындагы байланыштын эң жемиштүү экенин айтып, кыргыз-түрк "Манас" университетинин келечеги кең экендигин жана өз өлкөсүнө кайткандан кийин "Манас" университетине мурункудан да көбүрөөк көңл бура тургандыгын билдирди.Бул жолугушууга Мамлекеттик катчы Досбол Нур уулу, Билим берүү жана илим министри Абдылда Мусаев, Бишкек шаарынын мэри Нариман Тюлеев жана КТМУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы, Түркия республикасынын Финансы министринин биринчи орун басары Хасан Басри Актан жана Кыргыз Республикасынын Жогорку кеңшинин депутаты Жангороз Каниметов да катышты. Бул тууралуу аталган окуу жайлын басма сөз кызматынан билдиришти. (AJ)