Ички иштер министрлигинин маалымат кызматынын кабарлоосуна караганда, Ош шаарында Н.Турдубаев, М.у. Арсен, Р.Эргешов, С.Тойчубеков,, М.Жумабаев, А.Тыныбеков Б.у. Адылбек кармалды. Алар турган үйдөн жана алардын автоунаасынан кыскартылган мылтык, ок-дары, бычак, эки тапанча, желим союлдар табылган. Окуя боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө иши жүрүүдө. Милиция кызматкерлери бул топ быйылкы жылдын март айынан бери Кара-Суу, Өзгөн, Кадамжай, Ноокат райондорунда күйүүчү май куючу станцияларды тоногон деп шектелүүдө. (AiT)