Мыйзам тууралуу сөз сүйлөгөн Жогорку Кеңештин депутаты Нарынбек Молдобаев өлкөдө туризм өнүгүп бараткан шартта жаңы мыйзам кабыл алуу зарылчылыгы келип чыкты.Мыйзам туристтик компаниялар, обьектер менен туристтердин, мамлекеттик органдар менен мамилесин тейлейт. Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин төрагасы Турусбек Мамашев мыйзамды колдоп, кабыл алып берүүгө депутаттарды чакырды. Натыйжада “Туризм жөнүндө” жаңы мыйзам экинчи окууда кабыл алынды.(AiT)