Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:36

Франциянын парламенттик делегациясы маалымат жыйынын өткөрдү


Кыргызстанга Жогорку Кеңештин «Кыргызстан-Франция» достук тобунун чакыруусу боюнча 2009-жылдын 25-майында расмий иш сапары менен келишкен. «Франция-Кыргызстан» достук комитетинин президенти Жан-Поль Шантэгюе баштаган Франциянын Улуттук Ассамблеясынын парламенттик делегациясы Франция мамлекети Кыргызстан менен айрыкча экономикалык багытта жакшы иш алып барбагандыгын баамдагандыгын билдирди. Андыктан, "эки өлкөнүн байланышын чыңдоо үчүн Францияда Кыргызстандын элчилиги, өкүлчүлүгү ачылса жакшы болот эле» деди Поль Шантэгюе . Ал ошондой эле өлкө аймагын кыдырып, Камбар-Ата-2 ГЭСинин курулушу менен таанышып келгенин, эки өлкө гидроэнергетика тармагындагы байланыштарды чыңдоо максатка ылайыктуу экендигин белгиледи. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматынан кабарлашты. (AJ)

XS
SM
MD
LG