Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:52

Бүгүн мамлекеттик куурчак театры Казанга жөнөп кетти


Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театры Казан шаарында өтүүчү түрк тилдүү театрлардын эл аралык фестивалына жөнөп кетти. Бул тууралуу аталган театрдын башкы режиссеру Жалил Мидинов “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, куурчак театрдын 20 адамдан турган чыгармачылык жамааты Казанда Чыңгыз Айтматовдун “Кылым карытар бир күн” романынын негизинде жазылган драматург Бакы Өмүралиевдин “Томого” пьесасы боюнча коюлган спектаклди тартуулашат. Казандагы Түрк тилдүү театрлардын эл аралык фестивалына 30дан ашуун драмалык, көчө, музыкалык, куурчак театрлары катышмакчы. Фестиваль 6-июнда жыйынтыкталат. (AJ)

XS
SM
MD
LG