29-май түнкү саат он бирлерде Бостери айылынан I 0717 S номерлүү кичи автобусту милиция токтотуп, дароо камакка алган.Анын ичинен “Айгай”, “Учур” жанан башка оппозициялык гезиттер, ошондой эле Алмаз Атамбаевдин мамлекеттик тил комиссиясына берген экзамени тартылган диск, СДПКнын желектери чыкты. 30-май күнү бул боюнча БЭКтин улуттук кеңешинин мүчөсү Э.Каптагаев РИИБ башчысы А.Имангазиевге келип, сүйлөшүү жолу менен автоунааны гана чыгарып кетти. Каптагаев гезиттерди, диск жана желектерди бербей койгонун эртеңки Түптө өтчү курултайга тоскоолдук катары баалады. (RB)
Караколго жүктөлүп бараткан гезиттерди, СДПКнын желек жана дисктерин милиция камакка алды