Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Ноябрь, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:46

И.Кочкаровду өлтүрдү деп шектелген адамдын сөөгү табылды


Ушул жылдын 18-январында № 8 түрмөдө карачайлардын ассоциациясынын төрагасы Исмаил Кочкаровду өлтүрдү деген шек менен кармалган эки адамдын бири, 26 жаштагы Илхом Базарбаевдин сөөгү 29-майда Адилет министрлигинин №1 тергөө абагынан табылган. Анын өлүмүнө эмне себеп болгондугун териштирүү үчүн сөөгү соттук-медициналык экспертиза берилди. Ага ачылган кылмыш иши тергелип бүтүп, иш Москва райондук сотуна берилген жана сот аны эртең карай баштамак. Исмаил Кочкаров ушул жылдын 12-январында бирөөнүн мүлкүн күч менен тартып алган деген кине менен 9 жылдык түрмөгө кесилген. Ал №8 түрмөгө которулгандан көп өтпөй каза болгон. Ага киши өлтүргөндүгү үчүн түрмөдө олтурушкан Илхам Базарбаев менен Талгат Сыдыков шектелген. (BD)

XS
SM
MD
LG