Кабар агенттиктери Вашингтон администрациясындагы расмий адамга шилтеме жасап маалымдаганына караганда, реорганизация планына ылайык, АКШ өкмөтү машина чыгаруучу компанияга 50 миллиард доллар жардам берип, ал үчүн акцияларынын 60 процентине ээлик кылмакчы. Анын ырастоосунда, Канада өкмөтү акциялардын 12 проценти үчүн Женерал Моторско 9 жарым миллиард доллар карыз берүүгө даяр.