Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Декабрь, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 03:56

Ноокендеги Чек айылынын тургундары демонстрацияга чыгууну көздөшүүдө


Бул тууралу алар бүгүн президентке жазган экинчи жолку кайрылуусунда билдиришти. Кайрылууда К. Бакиевге мүмкүнчүлүк болсо өлкө жарандары жашаган жерди Кыргызстанга кайтарып алуу өтүнүчү коюлду. Антпесе, үйлөрүнө компенсация төлөп, турак-жай курууга жер ажыратуу, ага мүмкүнчүлүк болбосо, тез арада өлкө аймагына көчүрүп чыгып, чатыр менен камсыз кылууну өтүнүштү. Чектиктер аталган талаптар аткарылбаса, келерки жумадан тарта кыргыз элинен жардам сурап, демонстрацияга чыгууга аргасыз болоорун билдиришти . Катта 45 күндөн бери айылга үстөмдүк кылып келаткан өзбек чек арачыларынын катаал тартиби белгиленди. Анда өзбек чек арачылары аларды Кыргызтандагы үлүш жерлерине иштөөгө өткөрбөй, мал баккан балдардын күбөлүктөрүн көрсөтүүнү талап кылганы жазылган. Мас болгон өзбек жарандарынын кыргыз жарандарына тийишкени, талаага көтөрүп бараткан тамак-ашынан өйдө тинтүүгө алынганы көрсөтүлдү. Айыл баш ийген Сакалды айыл өкмөтүндөгү тартип сакчысынын белгилешинче, Өзбекстандын Ханабад шаарындагы окуяга байланыштуу Чек айылына да паспорт режими киргизилген. (YA)

XS
SM
MD
LG