Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июль, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 10:40

Укук коргоочулар БШК менен меморандум түздү


Бүгүн Бишкекте БШК менен шайлоочулардын укуктарын коргогон жарандык уюмдардын биримдиги конференция өткөрүп, анда биргелешкен меморандум кабыл алышты. Меморандумда БШК президенттик шайлоодо мыйзамдардын так аткарылышын камсыздоону, жарандык коомдор болсо шайлоочулардын активдүүлүгүн арттырууну, мыйзам бузууларды дароо маалымап турууну макулдашты. Тараптар бири-бирине ар тараптуу жардам көрсөтүп турмай болушту. Укук коргоочулар тобунда “Демократия жана жарандык коом үчүн”коалициясы баштаган 6 уюм бар. Укук коргоочулар президенттик шайлоону мыйзамды кынтыксыз сактаарынан күмөнү барын айтып жатышат. (BuS)

XS
SM
MD
LG