Чек ара кызматынын басма сөз кызматынын маалыматына караганда, Чек ара кызматынын төрагасынын биринчи орун басары Кубаныч Сарбаев Орусиянын Түштүк-Сахалинскиде өтүп жаткан КМШдагы мамлекеттердин чек ара кызматтарынын жетекчилеринин кеңешине катышууда. Жыйында эл аралык террорчулукка, уюшкан кылмыштуулукка, мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү боюнча маселелер талкууланууда. Жыйынга Орусиянын чек ара кызматынын жетекчиси Владимир Проничев төрагалык кылып, Түркмения, Өзбекистан, Казахстан, Тажикистан, Азербайжан, Армения, Белоруссия, Молдова, Украинанын чек ара кызматтарынын башчылары катышууда. (AJ)