Көптөн күтүлгөндөй, АКШнын президенти Барак Обама мусулман дүйнөсүнө кайрылуу жасады. Египетте, Каир университетинде сүйлөгөн сөзүндө Обама «Америка менен Ислам атаандаш болушу керек эмес», «орток алакалар өз ара сый-урматка» негизделиши керек деди. Ал ошондой эле зордукчул экстремисттер Батыш менен мусулмандардын ортосундагы чыңалууну өз кызыкчылыгында пайдаланып келатышканын, бирок кеп исламда эмес, Ислам тынчтыкты бекемдөөнүн куралы болуп калышы керек экендигин белгиледи.