Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Июль, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:16

Гонконгодо Тянанмэндеги кыргында набыт болгондор эскерилди


Бээжинде Кытайдын коопсуздук күчтөрү жана полиция Тянанмэн аянтын курчоого алды. Аталган аянтта 20 жыл мурда студенттердин митинги күч менен басылган. Бирок бийликтин тыюу салганына карабастан Гонконгодо 200 миңге жакын киши чогулуп, Тянанмэндеги кыргында набыт болгондорду эскеришти. Расмий Бээжин АКШнын 20 жыл мурда митинг маалында набыт болгондордун ысымдарын ачыктоо чакырыгын сынга алып, муну Кытайдын ички иштерине кийилигишүү катары баалады. 1989-жылы, 4-июнда Кытай жетекчилиги демократиялык өзгөрүүлөрдү талап кылып, 20-апрелден бери Тянанмэн аянтында чогулган элге каршы танктар коштогон аскерди кое берген. Бул түнү реформаны талап кылган жүздөгөн студенттер жана ишчилер набыт болгон. Кытайда Тянанмэн кыргынын эскерүүгө тыюу салынган.

XS
SM
MD
LG