Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Октябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:00

Дагестанда ички иштер министри киши колдуу болду


Кабарларга караганда, Адилгерей Магомедтагировду бүгүн Дагестандын борбору Макачкалада атып кетишти. Интерфакс агенттиги дарыгерлерге шилтеме берип, ал алган жаракатынан ооруканада каза тапканын билдирди. Ал эми РИА Новости жаңылыктар агенттиги коопсуздук кызматынын аты аталбаган өкүлүнө шилтеме берип кабарлаганына караганда, Магомедтагиров Макачкалада үйлөнүү үлпөтүнө катышып жаткан кезинде снайпер тарабынан атылгандай. Чеченстанга коңшу Дагестанда исламчыл согушкерлер, жөн эле куралдуу кылмышкерлер жана ич ара бийлик талаш менен байланышкан кыянатчылыктар такай орун алып келет.

XS
SM
MD
LG