Энергетика жана отун ресурстары министринин орун басары Акылбек Түмөнбаев менен жолугушуу учурунда Ош шаарындагы электр энергиясын сатуу мекемесинин иш таштаган кызматкерлери «Ош-электро» ачык акционердик коомунун башкы директору Доскул Бекмурзаевдин кадрдык саясатына, карамагындагыларга орой мамиле жасаарына жана маянанын өтө төмөндүгүнө макул эместигин айтып, аймактык жетекчисин кызматтан кетирүүнү талап кылышты. Бул туурасында маалымдаган демилге топтун башчысы Улан Мамашевдин билдиришинче, өкмөттүн өкүлү маселени оң жагына чечүүгө көмктөшөөрүн убада кылгандан кийин энергетиктер жумуш орундарына кайтышты.
Анткени менен айрым адистердин байкоосунда, “Ош-Электродогу” тирешүү жабык мүнөзгө өтүп, ишкана жетекчилиги нааразылык акциясына катышкандарды тымызын куугунтуктоону күчөттү. (ATo)
Анткени менен айрым адистердин байкоосунда, “Ош-Электродогу” тирешүү жабык мүнөзгө өтүп, ишкана жетекчилиги нааразылык акциясына катышкандарды тымызын куугунтуктоону күчөттү. (ATo)