Украинанын премьер-министри Юлия Тимошенко 2010-жылы өтө турган президенттик шайлоого катышат. Бул тууралуу Тимошенко сыналгы аркылуу кайрылуусунда билдирди. Мунун алдында негизги оппозициялык күч деп эсептелген “Региондор” партиясы Юлия Тимошенконун блогу менен коалиция түзүүдөн баш тарткан. Тимошенконун тарапкерлери бир нече күндөн бери Региондор партиясынын лидери Виктор Янукович менен коалиция түзүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келишкен. Коалициянын шартына ылайык, эгерде Янукович президент болсо, Тимошенко премьер-министр кызматында кала бермек. Бирок Янукович мындай варианттан баш тартты. Анын пикиринче, президентти парламент эмес, бардык атуулдар шайлоо жолу менен тандашы керек. Украинада президенттик шайлоо 2010-жылы январда өтөт.