Бул тууралуу учурда чек ара бекеттерин кыдырып жүргөн Чек ара кызматынын орун басары Чолпонбек Турусбеков “Азаттыкка” билдирди. Буга чейин таратылган маалымат боюнча Чек ара кызматы кыргыз-өзбек, кыргыз-тажик чек араларын күчөтүлгөн тартипте кайтарууга алган. 7-июнда “Достук” чек ара бекетинин аймагында кыргызстандык жаран өзбек чек арачылар аткан октон жарат алып, Өзбекстандын ооруканасында мерт болгону маалымдалган. Бул маселени тараптар бир үстөлгө отуруп, талкуулаша элек.(BuS)