Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 22:06

К.Бакиев: Билим берүү реформасы өлкөнүн көз карандысыздыгын чыңдоого жана келечегине багытталган


Билим берүүнүн өнүгүшүнө бир гана Билим берүү жана илим министрлиги жооптуу деген көз карашты жокко чыгаруучу кез келди. Мындан ары бул - бүт өлкө менен коомдун милдети. Бул оюн Президент Курманбек Бакиев 10-июнда Өкмөт үйүндө өткөн “Билим берүү концепциясынын” бетачарында жарыялады. Мамлекет башчысы билим берүү системасын өзгөртүүлөр ишине башка мамлекеттик структуралардын, бизнестин, улуттук элитанын, ата-энелердин күч-аракеттерин тартуу зарылдыгын белгиледи.

Бүгүн сапаттуу билим деген – бул мамлекеттин көз карандысыздыгынын шарты жана коом үчүн келечекке жол салуу мүмкүнчүлүгү.
Мамлекет башчысынын айтымында, билим берүүгө адам ресурстары жана дүйнөдө татыктуу орунду ээлөө үчүн глобалдык атаандаштыктын контекстинде кароо керек. “Билим берүү реформасын кечеңдетүүнүн арты тез өзгөрүп жаткан шартта мамлекет менен коомдун абалына жана келечегине кескин кесепеттерин алып келет. Эмгек рыногундагы ыкчам өзгөрүүлөр жана глобалдык атаандаштык реформаны талап кылууда”, - деди Курманбек Бакиев.

Дүйнөдөгү өзгөрмө абал билим сапатына катаал талаптарды коюп отурат. Жаңы коркунучтар менен көйгөйлөрдүн болуу ыктымалдыгын көңүлгө алганда биз заманбап технологияларды, мисалы, террорчулук менен күрөшүү же мамлекет башкаруу технологияларын жетик өздөштүргөн камбыл кадрларга муктажпыз.

Бетачарга катышкандар алдында сүйлөп, Президент Бакиев коопсуздук деңгээлин жана мамлекеттин атаандаштыкка жарамдуулугун көтөрүү көбүнесе билим берүү реформасынын ийгилигине жараша экенин белгиледи.
Президент билим берүү реформасын жүргүзүүдө эмнелерди жасабоо керектигин так аныктап, бул тармактын негизги багыттары боюнча милдеттерди койду.

Мектеп кылмыштуу дүйнөнүн таасиринде калып жатканына мамлекет башчысы бөтөнчө көңүл бурду. “Али кеч боло электе бул коркунучтун жолуна бөгөт коюу керек”, - деп кайрылды Курманбек Бакиев.

Билим берүү системасын реформалоого карата биринчи кадам катары Президент “Билимди өнүктүрүүнүн Улуттук долбоорун” түзүүнү сунуш кылып, өз Катчылыгына Билим берүү жана илим министрлиги менен бирдикте жумушчу топ түзүүнү тапшырды. Ал топ үч ай арасында долбоорду мамлекет башчысына көрсөтүүгө тийиш. Бул тууралуу президентинин Катчылыгынан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG