Бул тууралуу “Азаттыкка” берген интервьюсунда депутат өзү билдирип, муну президенттик шайлоо жараяны менен байланыштырды. СДП фракциясынын башчысы Бакыт Бешимов азыркы президент Курманбек Бакиев “президентке жаңы шайлоо башталганга чейин саясий партиялардагы жана уюмдардагы өз ишин токтото турушу керекпи же жокпу – ушул маселени” тактап берүүнү сурап Конституциялык Сотко кайрылды. Саясатчы мындай сунушту баш мыйзамдын 45-беренесинин 3-пунктуна ылайык берген. Анда президент жаңы шайлоого чейин саясий партияларда жана уюмдарда өз ишмердигин убактылуу токтото туруусу каралган. (BuS)