Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:02

Бүгүн экс-министр Аликбек Жекшенкуловдун соту уланат


Адвокат Нина Зотованын “Азаттыкка” билдиргенине караганда бул күнү судья күбөлөрдү, дипломатиялык кызматтардын өкүлдөрүн сураары күтүлүүдө. Жекшенкуловду Биринчи май райондук соту белекке алган тапанчасынан түркиялык ишкер өлтүрүлгөн жана Кытайдан келген грантты максатсыз пайдаланган деген эки кылмыш ишинин негизинде соттоп жатат. Сот 26-майдагы алгачкы отурумунда экс-министрдин баш коргоо чарасын өзгөртүү тууралуу адвокаттардын сунушун канагаттандырган жок. Жекшенкулов 8-марттан бери Коопсуздук боюнча улуттук комитеттин камагында отурат. Жекшенкулов менен кошо киши өлтүрүү фактысы боюнча Талас облусунан Ильяс Абдыкадыров, Бакыт Супатаев, Кытай гранты боюнча ТИМдин мурдагы кызматкерлери Таалайбек Кыдыров, Данияр Мамытбаев, Нургүл Токтосунова айыпталууда. (BuS)

XS
SM
MD
LG