Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Июль, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:10

Иран президенти атаандашын Гитлерге салыштырды


Иранда 12-июнда өтө турган президенттик шайлоодо талапкерлигин көрсөткөн Махмуд Ахмадинежад негизги атаандашын айыптады. Ахмадинежад реформачыл Мир Хуссейин Мусавини шайлоо өнөктүгү маалында “ыплас” ыкмаларды колдонду деп айыптап, аны Гитлер менен салыштырып, жалаа үчүн эркинен ажыратылышы мүмкүн экенин эскертти. Буга чейин Мусави Иран элине экономикалык абал тууралуу жалган маалымат берүүдө деп Ахмадинежадды сындаган. Иранда өлкөнүн жогорку жетекчилерине акарат кылуу кылмыш деп эсептелет жана бул үчүн эки жылга чейин эркинен ажыратуу каралган.

XS
SM
MD
LG