Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Декабрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:03

Ооганстандагы кол салуулардын саны 50 пайызга өстү


Үстүбүздөгү жылдын башынан бери Ооганстандагы кол салуулардын саны 50 пайызга өстү. Бул тууралуу АКШнын Ооганстан жана Жакынкы Чыгыштагы куралдуу күчтөрүнүн командачысы Дэвид Петреус билдирди. Анын айтымында, өткөн аптада Ооганстандагы террорчулуктун саны 2001-жылдан берки эң жогорку көрсөткүчүнө жетти. Бир аптада талип жоочулары 400гө жакын кол салууларды уюштурушкан. Бул 2004-жылдын январ айына салыштырмалуу 8 эсе көп. Генерал Дэвид Петреус жакын арада америкалык күчтөр Ооганстанда талиптерге каршы бир катар ири аскердик операцияларды өткөрөрүн белгиледи.

XS
SM
MD
LG