Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
14-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:51

Соцфонддун төрайымы көтөрүлгөн пенсия кайсы булактан каржыланарын ачыктады


Социалдык фонддун төрайымы Тажикан Калимбетованын бүгүн парламентте билдирүүсүнө караганда, 50% көтөрүлгөн пенсия Кумтөр боюнча жаңы келишимден түшө турган каражаттан, Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушунан жана бир катар жаңы ишканалар чегере турган акчанын эсебинен төлөнөт. Ошондой эле Социалдык фонддун 4 миллиард сому да пайдаланылат. Ал эми дүйнөлүк финансылык кризистен Социалдык фонд 200 миллион сом жоготту. (AiT)

XS
SM
MD
LG