9-13-июнда Швециянын борбору Стогольм шаарында Омбудсмендердин алгачкы дүйнөлүк жыйыны болуп, ага 150дөн ашык өлкөнүн Омбудсмендери катышкан. Жыйында Омбудсмен институтун өнүктүрүү, аны жалпы эл тарабынан шайлана турган институтка айлантуу маселелери талкууланган. Андан сырткары Омбудсмен институтунун штаб-квартирасын Оттавадан Вена шаарына которуу жана Омбудсмендердин жыйынын жыл сайын өткөрүп туруу чечимдери кабыл алынган. Бул тууралуу Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбек Акун “Азаттыкка” билдирди.(AiT)