Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Июль, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:16

ШКУнун кеңиртилген курамынын жыйынында К.Бакиев сөз сүйлөдү


Кыргызстан президенти өз сөзүндө Шанхай кызматташуу уюмун өнүгүп бараткан эл аралык уюм катары баалап, региондун коопсузудугуна Ооганстан тараптан келип жаткан коркунучка токтолгон. Кыргыз президенти Ооганстандагы абалды бир гана аскердик күч менен жөнгөрүү мүмкүн эмес экенин белгилеп, ал үчүн БУУнун жетекчилиги астында саясий, гуманитардык жана экономикалык аспектерди камтыган комплекстүү мамиле керектигин билдирген. Борбор Азия регионуна коркунуч диний экстремизмден келип жатканын айткан президент Бакиев, аны ооздуктоодо ШКУнун антитеррордук уюмунун ролу артарын белгилеген. Кыргыз мамлекет башчысы 29-июнда Женевада боло турган уран калдыктарына байланыштуу эл аралык форумга салым кошууга, катышууга ШКУ мүчөлөрүн жана жыйын катышуучуларын өтүнүп кеткен. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты.(AiT)

XS
SM
MD
LG