Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Сентябрь, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:16

“Асаба” партиясынын лидери алмашты


Бүгүн Бишкекте “Асаба” улуттук кайра жаралуу партиясынын курултайы болуп, анда партиянын президентик шайлоодо кайсы талапкерди колдоосуна байланыштуу маселе жана партиянын уюштуруу иштери каралды. Курултайда партия лидери Советбек Жамалдиновдун дарегине сындар айтылып, аны партиянын төрагасы кызматынан алуу маселеси добушка коюлду. Курултайга катышкан 60 делегат төраганы кызматтан алууну колдоду. Андан кийин партиянын төрагалыгына математика илимдеринин кандидаты Салмоорбек Дыйканов шайланды. Курултай ошондой эле “Асаба” партиясынын Бириккен Элдик Кыймылдын курамына кайрадан кирүүсүн жана БЭКтин президенттике көрсөткөн талапкери А.Атамбаевди колдоо чечимин жактырды. Бул тууралуу “Асаба” партиясынын активисти Назаркул Жоошбаев билдирди.(AiT)

XS
SM
MD
LG