Бүгүн демонстрацияга бешинчи күн катар чыгуу менен алар 12-июндагы президенттик шайлоонун расмий жыйынтыгына нааразылык билдирүүдө. Мусавини колдогондордун Тегеранда жана башка шаарлардагы көчө жүрүштөрү 1979-жылкы Ислам революциясынан бери өкмөткө каршы өткөн эң ири нааразылык акциясы катары сыпатталды. Мурдагы премьер-министр, реформачыл лагердин өкүлү катары эсептелген Мусавинин өзү жактоочуларын демонстрацияны тынч өткөрүүгө, же шайлоодон кийинки тополоңдордо каза тапкандарга куран окуу үчүн эртең мечиттерге чогулууга чакырган.
Кабарларга караганда, бүгүнкү демонстрация тынч өтүүдө. Көчөгө чыккандар колуна жана баштарына Мусавинин шайлоо өнөктүгүнүн түсү – жашыл түстөгү чүпүрөктөрдү байланып жүрүшөт.
Ирандын жогорку жолбашчысы аятолла Али Хаменейи добуштардын бир бөлүгүн кайра саноого макул болду. Бирок бурмалолор кеңири жайылды деп эсептеген Мусави шайлоо жыйынтыгын жокко чыгаруу жана жаңы шайлоо өткөрүү зарылдыгын айтып чыккан.
Нобель Тынчтык сыйлыгынын ээси, ирандык укук коргоочу Ширин Эбади “Азаттык жана Эркин Европа” радиосуна берген интервьюсунда эл аралык байкоочулардын көз салуусунда жаңы шайлоо өткөрүлүшүн колдоду.
Иран бийликтери кечээтен тарта чет элдик журналисттер өлкөдөгү нааразылык акцияларын чагылдыруусуна бир катар чектөөлөрдү киргизди. Тышкы иштер министрлиги бүгүн ISNA жаңылыктар агенттиги тараткан билдирүүгө караганда, чет элдик маалымат каражаттарын “тополоңчулардын жарчысына” айланганы үчүн айыптады. Ал эми Революциянын сакчылар корпусу дүйнөгө нааразылык акциялар тууралуу маалымат таратууну көздөгөн ирандык интернет сайттар менен блоггерлерге чара көрүлөрүн эскертти.