Тегеран шаарынын борборунда Мир Хоссейн Мусавинин он миңдеген тарапкерлери нааразылык акциясын улантышты. Мурдагы премьер-министр, реформачыл лагердин өкүлү катары эсептелген Мусавинин өзү жактоочуларын демонстрацияны тынч өткөрүүгө, же шайлоодон кийинки тополоңдордо каза тапкандарга куран окуу үчүн бүгүн мечиттерге чогулууга чакырган. Иран бийликтери чет элдик журналисттер өлкөдөгү нааразылык акцияларын чагылдыруусуна бир катар чектөөлөрдү киргизди.
Кечээ Ирандын Тышкы иштер министрлиги айрым эл аралык маалымат агенттиктерин окуяларды курчутууда деп айыптады. Революциянын сакчылар корпусу дүйнөгө нааразылык акциялар тууралуу маалымат таратууну көздөгөн ирандык интернет сайттар менен блоггерлерге чара көрүлөрүн эскертти. Ал аралыкта Ирандын Ички иштер министрлиги 14-июнда Тегеран университетинин жатаканасына кол салуу боюнча иликтөө жүргүзүүнү буйруду.