Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Март, 2026-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 08:59

Таласта оппозициянын бир нече өкүлүн милиция кармап кетти

Азаттыктын” Таластагы кабарчыларынын маалыматтарына караганда президент Курманбек Бакиев жолугушуу өткөрөрү күтүлүп жаткан “Манас Ордо” комплексинде оппозициянын бир нече өкүлүн милиция кармап кетти. Алар эл ичинде президенттикке талапкер Алмаз Атамбаевдин сүрөтү түшүрүлгөн футболкаларды кийип жүрүшкөн. Ошондой эле БЭКтин Тала облусу боюнча өкүлү Койсун Курманалиева, Талас шаардык милициясы,“Асаба” саясий партиясынын өкүлү Изатов Таалай Талас райондук милициясында кармалып турушат. Кармоонун себептери айтылган жери жок. Ушул эле күнү парламентте СДП фракциясынын мүчөсү Роза Отунбаева Таласта оппозиция өкүлдөрүнө кысым жасалып жаткандыгын билдирди. Мындай маалыматтарды Рашид Тагаев баштаган “Ак жол” фракциясынын бир катар мүчөлөрү төгүндөп, муну жалган маалымат деп аташты. (BuS)
 

XS
SM
MD
LG