Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Октябрь, 2021 шейшемби, Бишкек убактысы 09:36

Нарын облусунда башка өлкөнүн жарандыгын алган шайлоочулар такталууда


Мындай маалыматты Нарын облустук шайлоо комиссиясынын төрайымы Майрам Тиленчиева билдирди. Облуста акыркы жергиликтүү кеңештерге болгон шайлоодо 146 миң 696 шайлоочу болсо, президенттик шайлоого 144 миң 614 шайлоочу негизги тизмеге кирген. Мындан сырткары башка өлкөнүн жарандыгын алган облустун 50 жашоочусу негизги тизмеден чыгарылды. Аны менен катар учурда каттоодон чыкпай башка жакта иштеп жаткан эмгек мигранттарынын тизмеси такталууда. Ал эми үгүт иштери башталганына байланыштуу талапкерлер менен жолугушуу облуста график боюнча 28-29 июнда өтөт.(JI)

XS
SM
MD
LG