Камбар-Ата-2 ГЭСи акционердик коомун түзүү сунушун кыргыз өкмөтү киргизүүдө. Өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министрлиги тарабынан аталган ГЭСтин бардык агрегатын аягына чыгаруу үчүн сырттан инвесторлорго жана насыя акчаларга муктаждыкты эки күн мурун ЖКнын тиешелүү комитетинде маалымдалган. Жогорку Кеңеш бул маселени бүгүнкү отурумунда карамакчы, сунуш боюнча энергетика, өнөр жай жана отун ресурстары министри Илияс Давыдов маалымат берет.(ZKo)