Тышкы иштер министри Кадырбек Сарбаев бул тууралуу “24 kg” агенттигине берген маегинде билдирди. Президенттин тапшырмасына ылайык, азыр өлкөнүн ТИМи башка тиешелүү министрликтер, мекемелер менен бирге АКШга жөнөтүлүүчү кайрылуу боюнча сунуштарды иштеп чыгып жатканын айтты. К. Сарбаев учурда АКШ тарап менен да консультациялар жүрүп жатканын, Кыргызстан аркылуу Ооганстанга аскерий эмес жүктөрдү ташуу боюнча келишимге жетишилгенин билдирди. ТИМдин маалымат кызматы бул билдирүү боюнча комментарий кийинчэрээк болоорун билдирди. (EBM)