"Ак шумкар" саясий партиясынан президенттикке талапкер болуп аттанган Темир Сариев бүгүн Баткен шаарындагы борбордук базарда шайлоочулар менен жолугушту. Ошондой эле өзүнүн партиясынын активисттери менен жолугушуп, үгүт иштерине байланыштуу маселени талкуулады. Темир Сариев андан ары Лейлек районуна жөнөп кетти. (JA)