Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 19:01

Аксы районунда түштүктөгү чек арада келише-албастыктар талкууланат


23-июнда Жалал-Абад облусунун Аксы, Ала-Бука райондорундагы чек ара каттамдарынан улам келише албастыктарды талкуулаган тегерек үстөл жыйыны өткөрүлөт. Бул иш чараны Бельгиянын Тышкы иштер министрлигинин каржылык колдоосунун аркасында “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук кору уюштурууда. Анда чек арадагы чыр-чатактардын алдын алуу жана күч колдонуусуз чечүү, келише албастыктарга анализ жасоо маселеси каралат. Тегерек үстөл жыйынына эки райондун администрациясы, чек ара кызматы, мамлекеттик каттоо, чек арага жакын жайгашкан айылдардын тургундары катышат. Бул тууралуу “Эл аралык толеранттуулук үчүн” коомдук корунан билдиришти. (AJ)

XS
SM
MD
LG